Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы 10-апрелден тарта кичиавтобустарды каттамдан чыгарат. Тизме

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 402 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы 10-апрелден тарта каттамдардан кичиавтобустарды чыгаруу менен калаанын борбордук бөлүгүн бошотууну пландап жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.

Мэрия биринчи этапта № 111, 118, 130, 134, 135, 136 маршруткалар каттамдар чыгарыларын билдирди.

Экинчи этап 10-майда башталат. Анын алкагында 159 кичиавтобус шаар сыртына каттай баштайт. Алар —  №138, 163, 192, 202, 207, 220 маршурткалар.

Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 маршрутка калаа сыртына чыгат:

№ 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын  №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Шаар бийлиги жакында бардык кичиавтобустар автобустарга алмаштырыларын билдирди.

Ал эми кичиавтобустардын айдоочулары окутуудан өтүп, муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетери айтылды.

Автобустардын сыйымдуулугу – 76 адам, маршруткалардыкы –  12-18 адам. Автобустардын сыйымдуулугу 4 эсе көп болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM