Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 127 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-мартта Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталганын кабарлады.

Анда “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы, 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Бул факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу  боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM