Биз менен байланышыңыз

Президенттин жарлыгын бир айда аткарбагандар кызматтан бошотулат

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 272 | 0

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган жарлыкка ылайык аймактарда жер тилкелери жарандарга ипотекалык негизде турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилиши керек болчу.

Президенттин маалымат катчысы министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

«Учурда белгиленген жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга бербөөнүн айласын издеп «бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир» деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда. Президенттин жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбагындар ээлеген кызматынан бошотулат», — деди ал.

Президент мамлекеттик ипотекалык үйлөр жарандардын баарына берилерин айтып, бул боюнча жарлыгы быйыл январда чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM