Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 66 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107 чакырымында,
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында,
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM