Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрель күнү суу өчүрүлөт. Бул туурлауу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштери жүргүзүлүлгөндүгүнө байланыштуу, саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат.
- Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол, көчөлөрү менен чектелет,
- Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок турак жай конуштары.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.