Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Европадан алгачкы туристтик поезд келди

Кыска кабар | 31 Мар 2024 | 177 | 0

Быйылкы жылдын эсебинен  алгачкы туристтик поезд Бишкекке келди.  Австралия, Англия, Швейцария, Австрия жана Германиядан 50дөн ашуун турист келгендиги тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

«Быйылкы жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстандын популярдуу туристтик аймак катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, туризм тармагындагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт», — деп айтылат маалматта.

Эске салсак, туристтик поезд каттамы — Алматы – Балыкчы – Бишкек – Түркмөнстан, Ташкент – Түркмөнстан – Бишкек – Балыкчы – Алматы. Поезд 9 вагондон турат. Бул туристтик поезд 2022-2023-жылдары да келген.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM