Биз менен байланышыңыз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча талкуу болду

Кыска кабар | 30 Мар 2024 | 114 | 0

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетектөөсүндө коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибинде «2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын Ош шаарынын аймагында ишке ашыруу жөнүндө» буйругунун аткарылышы боюнча баяндамалар жасалып, коомдук тартипти сактоо боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү органдарга жана ведомстволорго Ош шаарында экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө биргеликте аракеттенүү, калктын, анын ичинде жаштар арасында аталган багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM