Биз менен байланышыңыз

Баткенде маданий-тарыхый музей пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 30 Мар 2024 | 147 | 0

40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык «Мыктын Гөрү» көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган.

Аймактагы табылгаларды сактоо максатында 40 жыл мурда «Мектеп музей» түзүлгөн. Кийинчерээк ал «Элдик музей» деп аталган.

Музейде 2 885 экспонаттар бар. Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом жумшалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM