Теплоключенка айылында К. Досмамбетов атындагы Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебин куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдады.

Маалыматка ылайык, курулуш боюнча тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментине караштуу Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган.

Объекттин сметалык баасы 48 млн 380 миң 394 сомго бааланды. Конкурстук табыштамаларды 11-апрелге чейин берүү зарыл.