Connect with us

Бишкекте катуу шамалдан 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 133 | 0

Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-апрелине чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM