Биз менен байланышыңыз

Бишкекте этностук кыргыздарды бириктирген конференция өттү

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 209 | 0

Бишкек шаарында «этностан» маданий борбору тарабынан уюштурулган Кара Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына арналган «Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү» аталышындагы конференция өттү.

Аталган иш-чарага коомдук жана саясий ишмерлер, манасчылар, маданият тармагынын өкүлдөрү, кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Анда этностук кыргыздардын маданияты, алар Манас эпосун кантип сактап келе жатканы боюнча докладдар окулуп, маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, Улуттук комиссия тарабынан “Манас” эпосуна арналып чыгарылган китептерди белекке берди.

Муну менен катар этникалык кыргыздардын маданияты, Манас эпосун кантип сактап келе жатышканы тууралуу докладдар окулуп, тарыхы тууралуу маалыматтар берилип, учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болду.

«Этностан» маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM