Биз менен байланышыңыз

4 жылда коррупцияга каршы күрөшүүдөн 20,4 млрд сом түштү

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 85 | 0

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан бери жана 2024-жылдын январь-февраль айларынын аралыгында депозиттик эсептерге 20 млрд 445 млн сом келип түшкɵн.

Анын ичинен 14 млрд 145,10 млн сом мамлекеттик бюджетке чегерилген, ал эми 6 млрд 299,9 млн сом Турукташтыруу фондуна которулган.

Министрликтен белгилешкендей, мамлекетке келтирилген зяындын ордун милдеттүү жана ɵз ыктыярдуу түрдɵ компенсациялоо акча каражаттары укук коргоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ органдарынын депозиттик эсептеринде жана ошондой эле, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары Финансы министрилигинин депозиттик эсептерине которулуп, эсепке алынат.

Жогоруда айтылгандар, министрлер кабинетинин атайын токтомдорунун негизинде ишке ашырылат жана кɵзɵмɵлдɵнɵт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM