Биз менен байланышыңыз

Орусиянын президентин шайлоо үчүн Кыргызстанда төрт участок ачылды

Кыска кабар | 17 Мар 2024 | 169 | 0

Бүгүн, 17-мартта Орусиянын президентин шайлоо боюнча Кыргызстанда төрт шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда шайлоо участоктору Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында ачылган.

Мекеме добуш берүү үчүн Орусиянын жарандарын паспорт менен барууну эскертет.

Бүгүн Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт.

Орусиянын учурдагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат.

Андан тышкары Владислав Даванков, Леонид Слуцкий жана Николай Харитонов талапкерлигин койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM