Connect with us

Көлбаевдин тобун каржылоого шектелген орусиялык ишкерге издөө жарыяланды

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 460 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети орусиялык ишкер, «Капитал Групп» компаниясынын кожоюну Тё Павел Владимировичке издөө жарыялады.

Маалым болгондой, «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген «Паша кореец» каймана ысымдуу Орусиянын ири ишкерлеринин бири Павел Тёнун «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин тобун каржылап жүргөнү аныкталган.

«Тактап айтканда, Павел Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, «мыйзамдагы ууру» Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө Камчыбек Асанбектин өкүл атасы катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн. Ошол эле учурда Павел Тё Камчыбек Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Павел Тёну камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, жоопко тартуу үчүн издөө жарыялаган.

Учурда Павел Тёго эл аралык издөө жарыялоо үчүн КМШ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM