Connect with us

УКМК: Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводу мамлекетке алынды

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 182 | 0

Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводу мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК мурда козгогон ишти тергөөнүн алкагында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдары мыйзамсыз майнинг-ферма түзгөнү аныкталган.

Тактап айтканда, Таш-Көмүр шаарындагы банкрот деп жарыяланган «Кристалл» заводунун активдерин жана мүлктөрүн мыйзамсыз ыйгарып алышып, анын алкагында 2019-жылы «Компьютер Павер Центр» ЖЧКсын түзүшүп, 2020-жылдын октябрь айына чейин уруксат документи жок майнинг-ферманы жабдып келишкен.

Аткаруучу директорлугуна Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. дайындалганы менен иш жүзүндө башкаруучу катары Т.А.К. (маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «өкүл баласынын» жакыны) каржы маселелерин жүргүзүп келген. Майнинг-ферманын негизги максаты Камчы Көлбаевдин тобун каржылап туруу болгон.

«Ири майнинг-ферманын ишин жүргүзүү үчүн «Аю-Холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына «НурАлЭнерго» энергетикалык компаниясы кирип, ал «Кристалл» заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда «Кристалл» ААКнын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен «Компьютер Павер Центр» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 2024-жылдын 10-январындагы чечими менен «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Белгилей кетсек, «Кристалл» ААК жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, ишканага чет өлкөлүк инвесторлор кызыгып келишет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM