Биз менен байланышыңыз

Түрмөлөргө баңгизат киргизип жүрүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 343 | 0

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен бирге абак жайларында текшерүү жүргүзүп, кара куурай баңгизаттарды таратуу менен алектенген каналга бөгөт койду.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облусунун Москва районунда атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө 21жаштагы С.Ж. аттуу «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда алдыңкы оң жагындагы отургучтун астынан өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү скотч менен оролгон, 3 түрмөк кара куурай табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 3 кг 100 граммды түзгөн кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Шектүү узак убакыт бою түзөтүү мекемелеринин аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу менен алектенгени аныкталды. Азыркы учурда Москва РИИБгнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM