Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарын көркөндүрүү үчүн эки айлык өнөктүк жарыяланды

Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 111 | 0

Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өнөктүк 11-марттан 11-майга чейин жүргүзүлүп, борбордун инфратүзүмүн, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жасалат.

Ага менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелердин кызматкерлери, көп кабаттуу үйлөрдүн да, жер үйлөрдүн да жашоочулары катышууга тийиш.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM