Биз менен байланышыңыз

Бишкекте уурдалган унаа «Бишкек – Нарын» жолунан кармалды

Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 153 | 0

Чүй облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери унаа уурдап бараткан адамды кармашты.

Кечээ, 7-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө бир адам эшигинин астында токтоп турган унаасы болжол менен саат 21:30 чамаларында уурдалганын кабарлаган.

Бул факты боюнча «колго түшүрүү» операциясы жарыяланып, бардык бөлүмдөргө кабарланган.

Натыйжада «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунан «уурдалды» делген «Ауди А4» үлгүсүндөгү унаа тосулган. Бирок айдоочу жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлерге баш ийбей качкан.

Кызматкерлер артынан кууп жетип, унааны токтотушкан. Унааны айдап бараткан 2002-жылы туулган Ш.Г. кылмышка шектелип, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM