Биз менен байланышыңыз

Президент: Айымдардын бардык тармакка катышуусун колдоо зарыл

Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 165 | 0

Бүгүн, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Президент Садыр Жапаров куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө майрамдын маанисине токтолуп, аялзатын ар тараптан колдоо зарыл экенин белгиледи.

«Бул күн – Аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, канатына калкалап, кастарлай билген элдин урпактары катары биз сиздердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздарды жана коомдогу ордуңуздарды ар дайым урматтап-сыйлайбыз», – деди Президент.

Аны менен катар адамзат жашоосундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу экенин, аялзат үй-бүлөлүк очоктун сакчысы катары сый-урматка эгедер болгонун, аялдар да ошого жарага ыйман менен адамдык касиетти бийик кармап, абийири менен элдин ар-намысын сактап келгенин белгиледи.

«Айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл. Өлкөбүздүн тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, ар кандай социалдык топтордун тынчсызданууларын аныктоого, саясат иштеп чыгууда консультациялык жана биргелешкен мамилени жайылтууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет. Аялдардын демилгелери, ой-пикир, сунуштары баарыбызды шыктандырып, өлкөбүздүн алдыга карай кадам шилтешине чоң салым кошот деп терең ишенем. Мына ошондуктан, «2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койдум», – деди мамлекет башчысы.

Андан тышкары аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлгөнүн кошумчалап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM