Биз менен байланышыңыз

Жүздөн ашуун адамдын акчасын алдап кеткен компания башчысы кармалды

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 196 | 0

Бишкекте каржы пирамидасы менен алектенген компаниянын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Март айында милиция бөлүмүнө 100дөн ашуун адамдан Chargefast компаниясынын кожоюндарына чара көрүүнү өтүнгөн арыз түшкөн.

Арыздагы маалыматка караганда, компаниянын негиздөөчүлөрү «акчаңарды эки эсе көбөйтүп беребиз» деген шылтоо менен элден ири суммадагы акчаларды алышкан. Андан кийин убадаларын аткарбай качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (каржы пирамидаларын уюштуруу) иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланган.

Ыкчам иликтөөнүн аркасында айтылган фирманын негиздөөчүсү 1981-жылы туулган С.С. Бишкек шаарынан кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM