Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин тобун каржылоого шектелген фирма башчылары кармалды

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 136 | 0

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шектелген коммерциялык фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, «Гранд Электроникс» фирмасы «Кумтөр Голд Компани» менен кенде иштегендерди тамак-аш менен камсыздоо боюнча келишим түзгөн.

Фирма «Кумтөрдөн» алган акчаны «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына өткөрүп, ал аркылуу Камчы Көлбаевдин эсебине которулуп турганы аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (кылмыштуу чөйрөнү каржылоо) менен иш козголуп, анын алкагында айтылган фирмалардын жетекчилери Б.А.Б. менен Х.Д.А. кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камакка алынган.

«Кумтөр Голд Компани» бул боюнча түшүндүрмө берип, айтылган фирма учурда кенге тамак-аш жеткирбей калганын маалымдады.

Алардын айтымында, келишим тышкы башкаруу мезгилинде түзүлүп, «Гранд Электроникс» фирмасы «Кумтөргө» 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын февраль айына чейин тамак-аш ташып келген.

Учурда бул тейлөө компаниянын өзүнө кайтарылып, ишти өз кызматкерлери аркалап жатканы айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM