Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү тармагы минималдуу талаптарга жооп бербейт»

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 169 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына катышты.

Төрага өз сөзүндө билим берүү тармагы өлкөнүн келечегинин өзөгү экенин жана өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт, ошол себептен кыска убакыттын аралыгында мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча планды көрсөтүү керек.

«Бизге билим берүү тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Биз ар бир окуучунун потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бирине Кудай талант берген. Мектептердин жана мамлекеттин милдети: ар бир окуучуга жеке мамилени табуу жана ага өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл ресурстарды берүү. Адамдык капитал – эң чоң байлыгыбыз. Мамлекет башчысы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги шарты: эмгек өндүрүмүн жана жаштарыбыздын билим жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу», — деди Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгында ошондой эле жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM