Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиядагы Оксфорд университетине кыргыз тили курсу ачылат

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 167 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга жасаган расмий иш сапарында Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылары айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Улуу Британия парламентинин Кыргызстан боюнча партиялар аралык тобунун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашкан.

Ал эми Улуу Британия парламентинин өкүлү Роберт Стюарт өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экенин айтып, кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн Оксфорд университетинде атайын курс ачыларын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM