Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздүн тургунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат табылды

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 217 | 0

Жети-Өгүз районунун тургунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин тармактык бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун тургуну баңгизат даярдап, сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Билдирүүнү Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, иликтөө жүргүзгөн.

Иштин жүрүшүндө маалымат тастыкталып, Кызыл-Суу айылында 1979-жылы туулган К.М. аттуу адам баңгизат менен алектенери белгилүү болгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон иштин алкагында К.М.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда кызматтык ит үйдүн чатырынан 4 кг 212 гр «марихуана», 2 кг 90 гр «гашиш» табылган.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM