Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Жарык качан өчөрү соцтармактарга, сайттарга жарыяланып турат

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 178 | 0

Жарыкты өчүрүүлөр электр ишканаларынын расмий сайттарына, «Фейсбук», «Инстаграм» баракчаларына алдын ала жарыяланып турат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министрликтин айтымында, бул чаралар ашыкча жүктөмдөрдү азайтуу максатында жүргүзүлөт. Жарык кайсы аймакта, саат канчадан канчага чейин өчөрүн төмөнкү сайттардан билип турууга болот:

  • Бишкек электр тармактар ишканасы – bipes.nesk.kg
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы – jpes.nesk.kg
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы – ipes.nesk.kg
  • Нарын электр тармактар ишканасы – npes.nesk.kg
  • Ош электр тармактар ишканасы – oshpes.nesk.kg
  • Талас электр тармактар ишканасы – tpes.nesk.kg
  • Чүй электр тармактар ишканасы – chupes.nesk.kg

Андан тышкары электр энергиясы жаатында маселе жаралса, 105, 1209 кыска номуру аркылуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын колл-борборунан тактоого болот. Ошондой эле жарандар +996 772 001209; +996 702 001209; +996 556 001209 (WhatsApp) номурларына да кайрыла алышат.

Энергетика министрлиги элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, энергияга аяр мамиле кылууну, бир эле учурда бир нече электр шаймандарын колдонбоону өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM