Биз менен байланышыңыз

Президент: Жарыкты өчүрүүнү кышка даярдык катары түшүнгүлө

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 223 | 0

Электр энергиясына болгон чектөөлөрдү келерки күз-кыш мезгилдерине даярдык катары түшүнгүлө. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтотулуп, учурда бул жаатта көрүлүп жаткан чараларды баяндап өттү.

Анын айтымында, «Токтогул» ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылы ишке берилсе да, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Иштөө мөөнөтүнө кепилдик 30 жыл болгондуктан учурда жараксыз абалга кептелген. Ошол себептен ГЭСтин биринчи агрегаты 1-марттан тарта токтотулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Кышка чейин оңдолуп бүтсө, кошумча 60 МВт/саат энергия кошулат.

«Токтогул» ГЭСинин экинчи-төртүнчү агрегаттары 2022-2023-жылдары оңдолгон. Үчүнчү агрегатын оңдоо 2025-жылга калтырылган. Мунун аркасында ГЭС дагы 40-50 жыл иштеп берет. Бул оңдоолордун натыйжасында 240 МВт/саат кошумча электр энергиясы кошулат.

Андан тышкары «Үч-Коргон» ГЭСИ 1962-жылы ишке киргизилип, бирок бир да жолу оңдолгон эмес. ГЭСтин иштөө мөөнөтү 1992-жылы эле аяктаган. Жабдуулары гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келген. 5-марттан тарта бул ГЭСтин төртүнчү агрегаты да оңдоп-түзөө үчүн токтотулуп жатат.

«Ушул иштерге байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт/саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт/саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет. Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет», — деди Президент.

Мамлекет башчысы 30 жылда бир да кошумча ГЭС курулбаганын, керектөөлөр жыл сайын көбөйүп жатканын айтып, элдин саны эки эсе өскөнүн, кошумча социалдык, турак жай имараттары салынып жатканын белгиледи.

Аны менен катар кышкысын 3 млрд кВт/саат электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн алышарына токтотулуп, суунун башында турган эл үчүн бул уят иш болорун эскертти.

Белгилүү болгондой, учурда элүүдөн ашык чакан ГЭСтин долбоорлору башталган. Анын онго жакыны ишке берилген. Марттын аягында 25 МВт/саат кубаттуулуктагы «Бала-Саруу» ГЭСи ишке кирет. Анын аркасында Талас облусу электр энергиясы менен толук камсыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM