Биз менен байланышыңыз

Нарында прокурор менен тергөөчү пара алганы үчүн кармалды (видео)

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 141 | 0

Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери менен ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кечээ, 5-мартта Нарын облустук милициясынын тергөөчүсү Э.Н. 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Тергөөдө ал облустук прокуратуранын кызматкери М.С. менен биргеликте арыз ээсинин маселесин чечип бергени үчүн пара талап кылганы аныкталган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси менен иш козголуп, анын алкагында тергөөчү менен прокуратура кызматкери камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM