Биз менен байланышыңыз

Бишкекте туура эмес токтогон унааларды видеокаттоо аныктайт (видео)

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 108 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы жол эрежелерин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргенин маалымдады.

Маалым болгондой, жолдогу туура эмес токтоп, тыгынга себепкер болгон унааларды аныктоо максатында мэриянын «Санариптик технологиялар борбору» менен Ички иштер министрлиги «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуп, атайын система иштеп чыккан.

Тактап айтканда, жол эрежелерин көзөмөлдөгөн кызматтын унааларына видеокаттоо жабдуусу орнотулуп, ал жолдогу унааларды сүрөткө, видеого тартып, туура эмес токтогондорун автоматтык түрдө аныктап кете берет. Топтолгон материалдын негизинде айып пул салынып, ал «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу унаа ээлерине жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM