Биз менен байланышыңыз

1,5 млн долларды чет жакка чыгарууга жол берген жетекчи кармалды

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 124 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Департамент «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» ири долбоорунун алкагында Каракол шаарына саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 1 млн 498 миң 200 доллар насыя алган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн банкрот абалда турган компанияны жалдашып, алардын өтүнүчү менен акчаны чет өлкөдөгү банктык эсебине которушкан.

3-мартта департаменттин жетекчиси Шамшидин Халов кылмышка шектелип камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM