Биз менен байланышыңыз

Чүй облустук ооруканасы Бишкек шаардык тез жардам клиникасы болот

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 153 | 0

Чүй облустук ооруканасы №2 Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 5-мартта ооруканага барып, ушул маселени мекеменин жамааты менен талкуулаган.

Анын алкагында министр тиешелүү бөлүмдөргө оорукананы жаңы макамына ылайык иштеши үчүн муктаждыктарды эсептеп чыгуу тапшырмасын берген.

Аталышы, макамы өзгөрө турган 350 орундуу Чүй облустук ооруканасында лор, көз, кардиология, хирургия, урология, гинекология, травматология, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевт, неврология бөлүмдөрү, ошондой эле балдар клиникасы, 70 орундуу төрөткана бар.

Оорукананы кайра түзүүдө гинекология бөлүмү менен төрөткананы бириктирүү, балдар клиникасын башка түзүмгө өткөрүп берүү каралып жатканы айтылды.

Иштин алкагында оорукана жетекчилиги дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүү, толук кандуу тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу талабын коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM