Биз менен байланышыңыз

Москва райондук сотунун судьясы 1500 доллар алып жатканда кармалды

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 358 | 0

Москва райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК жөнөткөн материлдардын негизинде Башкы прокуратура Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары Д.К.С. К.Э.О., С.А.А. жана В.Т.К.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянатттык менен пайдалануу), 342-береси (пара алуу), 343-беренеси (пара талап кылуу) менен иш козгогон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө райондук соттун аппарат кызматкерлеринин, судьяларынын соттолуучулардан пара алгандары аныкталган.

Буга байланыштуу көрүлгөн чаралардын алкагында Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта К.А.Д. аттуу ортомчунун жардамы менен иши сотко өткөн адамдан 1500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Судьялар кеңешинин чечими менен кылмышка шектүү судья Б.Т.К. УКМКнын тергөө абагына, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ортомчулукка шектүү К.А.Д. Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына камакка алынган.

Жогорку Соттун сайтындагы тизмеде айтылган судьянын толук аты-жөнү Бакалбаев Тилек Калмаматович экени жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM