Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көп тармактуу ортопедиялык оорукана курулат

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 331 | 0

Бишкекте көп тармактуу ортопедиялык жана нейрохирургиялык оорукана курулат. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

Түзүлгөн келишимге ылайык, оорукана куруу иштерин Кыргыз-0рус өнүктүрүү фонду каржылап, курулушту «ЖСА» ЖЧКсы жүргүзөт.

Алтымыш орундуу бул ооруканада операциялар жасалып, бейтаптар ден соолугун чыңдашат. Аялуу катмарды дарылоо үчүн атайын квота бөлүнөт.

Фонд андан тышкары жогорку квалификациялуу дарыгерлерди жумушка тартууда көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM