Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги үйүнөн чыгарылгандардын маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 150 | 0

Бишкектин Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги үйдүн тургундарын күч менен чыгаруу маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.

Депутат Таалайбек Сарыбашов үйдүн жашоочулары депутаттарга да кайрылып жатышканын айтып, үй маселеси чечилгенче жашап туруусуна уруксат берүүгө чакырды.

«Анын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин сот чечет. Бирок сот толук чечкенге чейин жарандарды суукта коё турса болмок», — деди депутат.

Ал эми Дастан Бекешев мамлекеттик органдардын баары ошол жерде жүргөнүн сындап, «Эмне үчүн мамлекет учурунда чара көргөн эмес?» — деген суроо койду. Андан тышкары Башкы прокуратурага, мэрияга бул боюнча бир нече ирет кайрылуу кат жөнөткөнүн айтып, ал мезгилде көңүл бурулбай, маселе эми каралып жатканын таңдануусун билдирди. Ошондой эле ортодон «шылуундар» пайда көрүп, анын кесепетин карапайым калк тартып, үйсүз калганына кейиди.

Аны менен катар депутатдар Максатбек Сарбагышев менен Кундузбек Сулайманов суукка карабай, жашоочуларды кубалап чыккан мамлекеттик органдардын кызматкерлерин сынга алды.

«19-февралда кабарлама берилип жатат да, 1-марттан чыгарылып жатат. «Жаз айларына кирет» деп туруп, сырттагы суукту карабастан чыгарып жатышканын мыйзамсыз деп эсептейм. Байкуш балдардын, энелердин колун кайрып, сыртка сүйрөп чыгып жатышкан видеолорду көрүп жүрөгүң ооруйт», — деди Сарбагышев.

Айта кетсек, 1-мартта Бишкек шаарындагы Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочулары мажбурланып чыгарылган. Көп балалуу, ден соолугу начар, жаңы төрөлгөн баласы бар 6 үй-бүлө убактылуу турак үйлөргө жайгаштырылган.

Свердлов райондук акимиатынын айтымында, имарат турак жай катары эмес, административдик жай катары курулган. Бирок аны сатып алгандар турак үй катары пайдаланып келишкен.

Тургундар батирлерди «Квартал строй» компаниясынан сатып алышкан. Ортодо «Нур-Жаннат ЛТД» компаниясы долбоор боюнча имарат бизнес борбор болмогун айтып, жашоочуларды чыгарууну талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM