Биз менен байланышыңыз

Telegram аркылуу нашаа сатууга көмөктөшкөн «крипто алмашуучулар» кармалды

Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 115 | 0

Telegram аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңгизаттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдар бар экенин аныкташкан.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында «крипто алмашуучу» беш адам кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор, им-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты алынган.

Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул мыйзамсыз иштерге көмөктөшкөндөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM