Биз менен байланышыңыз

Интерпол аркылуу изделип жаткан Таалайбек Рысалиев БАЭден кармалды

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 194 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Интерпол аркылуу изделип жаткан Таалайбек Рысалиев 21-февралда Бириккен Араб Эмираттарынан кармалганын билдирди.

Рысалиев Таалайбек Кумашевичке «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү» деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси менен иш козголгон. Анын алкагында Бишкектин Биринчи Май райондук соту сыртынан камакка алган.

Соттун чечими менен Таалайбек Рысалиевге издөө жарыялап, ал тууралуу Интерпол улуттук борбордук бюросуна да кабарлама жөнөтүлгөн.

«Таалайбек Рысалиев маркум кримтөбөл К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) жакын адамы болуу менен бирге, анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы, түздөн-түз же кыйыр каржылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аны Кыргызстанга алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

1976-жылы туулган Рысалиев Таалайбек Кумашевич 2020-жылы «Кыргызнефтегаз» Ачык акционердик коомуна жетекчинин орун басары болуп шайланган. Аны менен катар 2017-жылдан бери Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» футбол клубунун президенти кызматын да аркалайт.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

Таалайбек Рысалиев тууралуу буга чейин да ар кандай сөздөр айтылып келген.

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда, Таалайбек Рысалиевдин криминалдык чөйрө байланышы бар экенин, каймана ысымы «Моби» деп аталарын айтып чыккан. Ошондой эле Москвадагы эмгек мигранттарынан миң долларга чейин акча алып, аны Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияевге салып турганын билдирген.

Андан тышкары Таалайбектин атасы Кумаш Рысалиев Камчы Көлбаевдики деп эсептелип, кийинчерээк Президенттин иш башкармалыгына алынган «Булат-М» компаниясынын экинчи кожоюну болгону белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM