Биз менен байланышыңыз

Оштогу стадиондун 1,2 гектар жери жеке менчикке өтүп кеткен

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 145 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун айланасын тазалоо иштери боюнча маалымат берди.

Алардын айтымында, стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин алкагында, УКМК менен Ош мэриясы менчикке берилип кеткен жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу чараларын көрүшкөн.

Архивдик документтер боюнча стадионго 5,5 гектар жер бөлүнгөн. 2000-жылдардан кийин 1,2 гектарга жакын аймагы жеке жактарга өтүп кеткен.

Учурда менчикке чыгартып алган жер ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, стадиондун башкы дарбазасына кеңири жол ачуу аракети көрүлүп жатканы маалым болду.

Имараты сүрдүрүлгөн менчик ээлерине кенемте катары Ош облусунун башка райондорунан жер тилкелери берилери да айтылды.

Андан тышкары стадиондун айланасындагы жер тилкелери жана имараттар боюнча мыйзам бузуу фактылары текшерилип жатканы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM