Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров окуучуларга онлайн сабак өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 171 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров окуучуларга онлайн сабак өткөнүн Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Zoom платформасы менен өтүлгөн сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана 217 мектептен 5-6-класстын 4 миңден ашуун окуучусу катышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы сабакта «интернеттен билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана интернеттин коопсуздук эрежелери» темасында дарс окуган.

«Билим – бул белгилүү бир тармактын адиси болууга мүмкүндүк берүүчү жана андан аркы ийгиликтердин келечегин ачкан негизги пайдубал. Бүгүнкү күндө интернет билим алуу жана жаңы илимдерди үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, бирок коопсуздук эрежелерин эстен чыгарбоо маанилүү. Өкмөт Кембридж жана Оксфорд университеттеринин негизинде так илимдер боюнча мектептин окуу китептерин иштеп чыгууну пландаштырууда, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деген Акылбек Жапаров окуучуларга.

Андан тышкары өлкө калкынын 40%ы 18 жашка чейинкилер экенин айтып, аларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттин башкы милдети экенин белгилеп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM