Биз менен байланышыңыз

Темир жолчулар электр энергиясынан бир жылда 2 млн сом үнөмдөштү

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 167 | 0

Темир жол тармагы бир жылда электр энергиясынан 2 млн сом үнөмдөп калышты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Ишкананын негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуу болуп саналат. Андыктан электр энергиясы эң көп колдонулат.

Буга байланыштуу 2021-2023-жыл аралыктарында темир жолдун унаа өтүүчү күзөт өтмөктөрүнө жана бекеттердин аймактарын жарыктандыруучу мачталарга 400дөн ашык заманбап светодиоддук лампалар коюлган.

Мындан бир айда 165 миң 849 сом, бир жылда 1 990 миң 188 сом үнөмдөлгөн. Буга чейин түнкү жарыктарды жагууга бир айда 93 миң 495 кВт/саат короп келген. Жаңы лампалар коюлгандан кийинки бир айлык коротуу 35 миң 708 кВт/саат болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM