Биз менен байланышыңыз

ЖЭБдеги кырсык: Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель жөнөттү

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 133 | 0

Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель жөнөттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Гуманитардык жардам Бишкек жылуулук электр борборунда болгон кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин колдоо максатында берилген.

Алгачкы партия миң тонна дизель жүктөлгөн 17 вагон-цистерна Казакстандын «Резерв» мамлекеттик ишканасынын «Заря» филиалынан 28-февралда чыгып, Кыргызстанга бүгүн, 5-мартта жеткен.

Калган дизель да жакынкы күндөрдө келери айтылды.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болгон. Анын кесепетинен беш кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын экөө учурда Түркияда дарыланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM