Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын алтын кору 50 тоннага жакындап калды

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 148 | 0

Февраль айындагы жыйынтык боюнча Улуттук банктын алтын кору 49,98 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети менен Улуттук банк Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды сатып алуу укугуна ээ. Ошол эле учурда Улуттук банк алтын сатып алуу менен чектелбей, эл аралык базарга да алып чыгып жатат. 2023-жылы 17 тонна 65 килограмм алтынды тышкы рынокко 1 млрд 88 млн долларга саттык. Сатуудан түшкөн каражаттар Улуттук банктын эсебине жана биздин эл аралык резервибизге түшкөн. Ал акча макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жумшалат», — деди Бөкөнтаев.

Айта кетсек, 2021-жылдын 6-майында Жогорку Кеңеш Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы иштетип келген «Кумтөр» алтын кенине убактылуу башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алып, ага 14-майда Президент Садыр Жапаров кол койгон.

2022-жылы алтын кен мамлекетке толук өткөрүлгөн. Ошондон бери андагы алтындарды Улуттук банк сатып алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM