Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 254 | 0

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону расмий сайтка жарыяланды.

Президенттин дагы бир тескемеси менен бошогон кызмат орунга Мелис Мураталиев дайындалды.

Каныбек Осмоналиев бул кызматка 2022-жылдын 12-майында бекитилген.

47 жаштагы Мелис Мураталиев «Бакдөөлөт» коомдук фондунун жетекчиси, андан тышкары 2020-жылдын ноябрь айынан бери Конституциялык кеңештин мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM