Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Орозо 11-марттан тарта кармалат

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 287 | 0

Быйылкы орозо 11-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

10-мартта куптандан кийин бардык мечитте тараба намазы башталат.

Муфтият айды эсептеп чыгуу  боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берген:

«Азыркы учурда өнүккөн технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен ондогон жылдардын эсеби алдын ала чыгарылып келе жатат. Ал эми ай эсеби болсо, Айдын кыймылына карата аныкталат.

Ай эки түрдө көрүнөт:

  1. Аба шарттары ылайыктуу болуп, Ай көз менен көрүлсө, камарий айдын башталышы аныкталган болот.
  2. Астрономиялык эсепке ылайык аныктоо, тактап айтканда, Ай менен Күн алдын ала так эсептелген соң, камарий айдын башталышы белгилүү болот.

Ай эсеби менен болгон жыл санагында Жер шарынын кайсы жеринде Ай көрүнсө, бүт аалам үчүн жаңы ай башталган болуп саналат. 10-март 2024-жылы гринвич сааты менен 09:01:45те (Бишкек убактысы менен 15:01:45) ай жаңырып, андан кийин гринвич сааты менен 22:15те, тагыраагы, 13 саат 14 минуттан кийин ай Түндүк жана Түштүк Америка континенттеринде көрүнөт», — деди муфтият.

Ошондой эле Орозо айт 10-апрелде болору алдын ала кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM