Биз менен байланышыңыз

Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркиндигинен ажырады

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 239 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мелис Аспековду 7 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Аалы Аспеков атасы сотто күнөөсүн мойнуна албаганын, төрт күбө да атасын жактаганын, ага карабай судья күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө чечим чыгарып койгонун айтты. Ошондой эле бул иш боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылышарын маалымдады.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да тастыктап, чечим 28-февралда чыкканын билдирди. Судья Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (кылмышка даярдык көрүү), 278-беренеси (массалык баш аламандыктар) менен айыптап, күнөөлүү деп тапкан.

Активист Мелис Аспеков 2023-жылдын 28-сентябрында жогоруда аталган беренелерге шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 29-сентябрда тергөө абагына камакка алууга чечим чыгарган.

Мелис Аспеков ушуну менен экинчи ирет жазага тартылып жатат. Буга чейин 2021-жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган.

2022-жылы Биринчи Май райондук соту 7 жылга эркиндигинен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдүн бир жылын кыскарткан.

2023-жылдын 23-майында Президенттин мунапыс берүү жарлыгынын негизинде абактан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM