Биз менен байланышыңыз

Президент: Өткөн жылдарга салыштырмалуу соттон акталып чыккандар көбөйдү

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 186 | 0

Бүгүн, 5-март  сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө сот тутуму чыныгы жарандык коомду курууда, улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлей турганын, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты чыңдоого салым кошкон бийликтин бир бутагы экенин айтты.

Аны менен катар мамлекет колдоо көрсөтүп, сот тармагында бир топ жылыштар болгонун, ийгиликтүү иштер жүзөгө ашырылганын белгиледи.

«Өткөн жылдарга салыштырганда соттор тарабынан актоо актыларынын кабыл алынышы кыйлага көбөйдү. Бул жагдайды судьялардын Конституцияда көрсөтүлгөн көз карандысыздык боюнча ыйгарым укуктарын пайдалануу менен ар кандай тоскоолдуктарга каршы туруп, иштерди кылдат карап, адилеттүү чечим чыгарууга болгон аракети катары белгилесек болот», — деди мамлекет башчысы.

Андан тышкары бир катар алешемдиктер да бар экенине токтолуп, санариптик системага өтүүнү тездетүүгө чакырды.

«Ошону менен бирге азыркы учурда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты, сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрү, сот тутумунун иши жөнүндө ачык-айкын маалыматтын жетишсиздиги, айрым соттордун канааттандырарлык эмес иши, сот чечимдеринин натыйжасыз аткарылышы, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн зарыл шарттардын жоктугу менен байланышкан бир катар көйгөйлөр бар. Санариптештирүү иштеринин алкагында даярдалып жаткан программалар чыныгы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, жарандарыбыздын, ишкерлердин талабына жооп бергендей заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлүшү зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен максаты бирге адилет, ачык, жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү экенин белгилеп, эл соттордун ишинин жакшырганына ишенгидей болушу керек экенин эскертти.

«Жамы журтубуз соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана бир дагы кылмыш жазасыз калбасын иш жүзүндө көрүүгө тийиш. Бул максатка жетүү үчүн сиздерден ак кызмат кылуу, кесипкөйлүк жана эң башкысы, адилетүүлүк талап кылынат!» — деди Президент.

1924-жылы кыргыздар өз алдынча Кара Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөндөн тарта өлкөгө бир катар кызматтар кирген. Анын ичинде сот бийлиги да болгон.

Ал эми 5-мартты сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгилөө 2004-жылдын 26-майында Кыргыз Өкмөтүнүн №387 токтому менен бекитилген.

Сот тармагы быйыл түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын, кесиптик майрамы бекитилгенинин 20 жылдыгын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM