Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик бажы кызматы 21 кызматкерин ишинен бошотту

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 268 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы 21 кызматкери ишинен бошотулганын кабарлады.

Маалым болгондой, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик бажы кызматында кызматтык текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө одоно тартип бузуулар, коррупцияга аралашуулар аныкталган. Анын негизинде 21 кызматкер ишинен бошотулуп, 13 кызматкерге тартиптик чара көрүлгөн.

Ишинен бошотулгандардын арасында жөнөкөй инспекторлор да, жогорку кызматтагы жетекчилер да бар экени айтылды. Бирок алардын аты-жөнү аталган жок.

Ички иликтөөнүн материалдары тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү айтылган маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM