Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуу Британияга кетишти

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 213 | 0
Улуу Британия парламентинин имараты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Британияга иш сапар менен кетишти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, парламент аралык кызматташтык талкууланат.

Андан тышкары Кыргызстандын эгемендигине арналган тегерек үстөлгө катышып, Улуу Британиядагы кыргызстандыктар менен кездешишет.

Төраганы депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Элдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева коштоп жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM