Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 5 гектар аянтты ээлеген базар мамлекетке алынды

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 292 | 0

Өзгөн районундагы базар мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Базар жалпы 5 гектар аянтты ээлеп, анын 10 сотыхына административдик имарат түшкөн. Кожоюндары ыктыярдуу түрдө өткөрүп бергени айтылат маалыматта. Базар 470 млн сомго бааланган.

Базар мамлекетке сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алынганы айтылып, бирок эмне болгон сот иши экени маалымдалган эмес. Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

2023-жылы ноябрь-декабрь айларында соодагерлер ККМ боюнча нааразычылыкка чыгышкан. Андан кийин Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, базарын алып коюшарын эскертишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM