Биз менен байланышыңыз

Мектептерге «интеллект боюнча насаатчы» адистигин киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 183 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Орто мектептерде интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча насаатчы адистигин киргизүү сунушталды.

Кыргызпатент даярдаган Министрлер кабинетинин  «Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө жалпы билим берүү уюмдарында жана кошумча билим берүү мекемелеринде өсүп келе жаткан муундарга насаатчылык жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Насаатчы адистигин киргизүүнүн максаты балдардын инновациялык жана интеллектуалдык менчик жаатындагы чыгармачылык жөндөмүн толук ачып берүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналары айтылды.

Үйрөтүүлөр устат-шакирт формасында жүргүзүлүп, насаатчы окуучуну СТЕМ, стартап, илимий долбоор жаатында даярдайт.

Ошол эле учурда насаатчы-устаттыкка илим, инновация, ойлоп табуучулук жана ишкердик жаатында жеткиликтүү билимге ээ тажрыйбалуу адистер тандалып алынары белгилүү болду.

Токтом долбоордо жобону ишке ашыруу жолдору, устаттын, шакирттин милдеттери, андан алына турган натыйжа, дагы ушул сыяктуу маселелер камтылды. Кеңири маалыматты Koomtalkuu порталынан окуй аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM