Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 231 мас айдоочу кармалган

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 94 | 0

26-февралдан 3-мартка чейин 21 миң 63 жол эрежесин бузуу каттталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Эреже бузгандардын ичинен

  • 251 айдоочу унаасын тиешелүү документи жок айдап жүргөн;
  • 231 айдоочу ичимдик ичип рулга отурган;
  • 75 айдоочу унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан;
  • 1015 жөө адам эреже бузган;
  • 3 миң 187 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткон;
  • 2 айдоочу ээнбаштык жасап кармалган;
  • 3 миң 600 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган;
  • 2 айдоочу унаасына жасалма номур тагып алган;
  • 12 миң 700 ар кандай эреже бузуулар болгон.

Кармалган айдоочулардын дээрлик көпчүлүгүнүн унаалары айып короого токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM