Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Charge fast компаниясынын өкүлдөрү кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 739 | 0

Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип, «Charge fast» компаниясынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, шаар тургундары 1-мартта ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан. Алар февраль айында облус борборунда Charge fast компаниясы ачылып, депозиттерин жогорулатылган үстөк менен сактап берүүгө убада беришкен.

Эл аларга ишенип, акчаларын салгандан кийин компания ачкандар ал каражаттарды ээлеп алышкан.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү бул фактыны бирдиктүү реестрге каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козгогон. Арыздар боюнча алганда, материалдык чыгым 500 миң сомдон ашуун болгон.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Charge fast компаниясынын эки өкүлү 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM